Дүйнөлүк басма сөз 9.04.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1394611
Дүйнөлүк басма сөз 9.04.2020

Al Jazeera: Коронавирус Сауд королдук үй-бүлөсүнө жетти, ондогон киши ооруну жуктуруп алды жана король Салман өзүн бир аралга изоляция кылды.

Al Quds Al Arabi: АКШ жетекчилиги, коронавирустан таасирленген Нью-Йорктун ордуна Израилдин армиясына 1 миллион медициналык жардам жөнөттү.

Merkur:  COVID-19 – Германияда коронавирустан каза тапкандардын саны 2000 миңден ашты.

dpa: Дүйнөлүк соода: Дүйнөлүк соода уюму дүйнөлүк сооданын корона кризисинин себебинен быйыл 32 пайызга чейин төмөндөй турганын божомолдоп жатат.

Le Figaro: Франция Африкадагы Ковид-19га каршы күрөшүүгө 1,2 миллиард евролук жардам көрсөтөт.

Le Monde: Коронавирус: каза тапкандардын саны 11.00ге жакындаган Францияда эркин жүрүү тыюу салуусу узартылат.

El Mundo (Испания): АКШда удаама удаа эки күндүн ичинде 2000 киши каза болуп Испанияны артта калтырды.

EL Clarin (Аргентина): Аргентинада губернаторлор карантиндин май айына чейин уланышын каалап жатышат.

RBK сайты: Орусия ОПЕК+өлкөлөрү менен мунай өндүрүшүнүн 14 пайыз азайтылышын сүйлөшөт.

Lenta.ru : Москвада дагы 7 бейтап коронавирустан көз жумду. Орусиянын жалпысында вирусту жуктуруп алгандардын саны 8672ге, каза тапкандардын саны 63кө жетти.

RT кабар сайты: Премьер-министр Мишустин коронавирустун мамлекеттин бюджетине оор сокку урушу мүмкүн экенин айтты.

КТРК: Кыргызстанда 9-апрелге карата коронавирус жуктурган дагы 10 жаңы учур катталды. Анын арасында эки медицина кызматкери бар. Өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 280 кишиге жетти. Ал эми коронавирус жуктурган 10 бейтаптын абалы оор.



Тектеш кабарлар