Дүйнөлүк басма сөз 2.04.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
![Дүйнөлүк басма сөз 2.04.2020](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c4ac/3297/7a70/5d2827398c080.jpg?time=1718865506)
Deutschlandfunk: Ковид-19: Түркия Италия менен Испанияга коргоочу шайман жөнөттү.
Deutsche Welle: Корона пандемиясы-Германия коомдук байланыш чектөөсүн пасха майрамынан кийинкиге чейин узартты.
El Pais (Испания): Испанияда 9.053 адам көз жумду. «Өкмөт убада берген 52 миң кошумча медицина кызматкери кайда?»
La Jornada (Мексика): IMF: Ковид-19га каршы күрөш убагы саясаттары жүргүзүлүшү керек.
La Tercera (Чили): Wimbledon теннис турнири болбойт. Бул турнир эң акыркы жолу Экинчи Дүйнөлүк согушта өтпөй калган эле.
Alsharq Alawsat : Корона апааты... Дүйнөдө вирусту жуктургандардын саны бир миллионго жетти.
Alquds Alarabi: АКШнын президенти Трамп Иранды эскертти: «Ирактагы Америка күчтөрүнө кол салсаңар чоң чыгымга учурайсыңар».
Aljazeera.net: Американын чалгындоо маалыматтарына караганда Кытай жарыялаган коронавирус көрсөткүчтөрү чындыкка дал келбейт.
Le Figaro: Коронавирус: Франциянын президенти Макрон муниципалдык шайлоолорду октябрь айына жылдырууну ойлоп жатат.
Le Monde: Коронавирус бейтаптарынын Парижден берки аймактардагы ооруканаларга трансфер саны көбөйүүдө.
Le Parisien: Коронавирус: АКШда 6 айлык наристе чарчап калды.
RBK: Орусиянын Федералдык биомедициналык агенттиги Орусияда жаңы типтеги коронавирус пандемиясынын жайга чейин токтой тургандыгын билдирди.
RİA Novosti: Орус өкмөтү, өлкөдө иштебөө аптасын узартууну сунуштады.
КТРК: Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 116 кишиге жетти.