Дүйнөлүк басма сөз 1.04.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Al Jazeera: АКШнын президенти Дональд Трамп жана президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирия менен Ливияда ок атышпоо режимине баш ийилүүсүн талап кылышты.
Al Raya (Катар): БУУ коронавирус пандемиясынын таасиринин Сирияда кыйратуучу болушу мүмкүн экенин билдирди.
Deutsche Welle: Германияда маска мажбурдуулугу талаш-тартыш жаратты.
Handelsblatt.com: IMFтин төрагасы: 2009-жылдагы финансылык кризистен дагы жаманы күтүлүүдө.
Le Monde: БУУнун Коопсуздук кеңешинин европалык мүчөлөрү, Түндүк Кореянын акыркы ракеталык сыноолорун айыпташты.
Le Soir (Бельгия): Коронавирус: 800 дем алдыруучу аппарат Бельгиянын Льеж шаарына келди.
Le Parisien: Коронавирус: Франциянын саякат агенттиктери, 15-майга чейинки бардык туристтик турларды алдыга жылдырды.
El País (Испания): Испания эки аптанын ичинде каза тапкандардын санын 25.000ден ашырбаш үчүн коронавирусту Хубэй жана Италиядан дагы ылдам токтотушу керек.
El Mundo : Испанияда акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустан 849 киши каза тапты жана вирусту жуктуруп алгандардын саны да 95.000ге жетти.
Regnum : Орусияда коронавирусту жерлерде жана абада жок кыла турчу ыкма табылды.
Gazeta.ru : Орус аскердик учагы АКШга медициналык аппарат жана буюмдарды алып барды.
Lenta.ru : Беларусь Орусиядан коронавирус менен күрөшүүдө жардам сурады.
КТРК: Кыргызстанда коронавирусту дагы 4 адам жуктуруп алганы маалым болду. Ошентип Кыргызстан боюнча жалпы коронавирус илдетине кабылгандардын саны 111 кишиге жетти.