Дүйнөлүк басма сөз 23.03.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1383263
Дүйнөлүк басма сөз 23.03.2020

Al-Raya Al-Katariya (Катар): Коронавирустун себебинен мамлекеттик кызматкерлердин 80 пайызы үйдөн иштөөсүн улантат.

Al-Ayam (Бахрейн): Коронавирустан улам Сауд Арабия 21 күндүк мөөнөткө саат 19:00-06:00 сааттарынын аралыгында көчөгө чыгууга тыюу салганын жарыялады.

Alsharq Alawsat (сауд-британ): Америкада бир күндө 100 киши коронавирустун себебинен каза болду...Вирус Сенатка жетти жана бир мүчөсү коронага чалдыкты.

ARD каналы: Германиянын канцлери Ангела Меркель коронавирустун себебинен карантинге алынды.

Deutsche Welle: Германияда жаңы коронавирус чара көрүүлөрү; Германияда экиден көп адамдын чогулуусуна тыюу салынды.

ZDF каналы: Коронавирус карантиндери атмосферанын сапатын арттырды.

El País (Испания): Испаниянын премьер-министри Педро Санчез, вирус кризисине каршы Европа Биримдигинен жаңы Маршалл планын талап кылды.

La Vanguardia (Испания): Испанияда бир күндө коронавирустан 394 киши каза тапты жана каза болгондордун саны 1720га, жуктуруп алгандардын саны да 28572ке жетти.

Infobae (Аргентина): Венесуэлада өзүн мамлекет башчы деп жарыялаган Хуан Гуайдо, мамлекет башчы Мадурону коронавирустун себептерин жашырганы менен күнөөлөдү жана Венесуэланын «апааттын» босогосунда болгону темасында эскертти.

Le Monde: Францияда ооруканада иштеген жана коронавирусту жуктуруп алган алгачкы доктур каза болду.

Le Parisien: Коронавирус: Франциянын бардык жеринде үйдөн чыкпоого тыюу салуу күчөп баратат.

Le Figaro: Коронавирус: 112си акыркы 24 саатта болгон 674 өлүм менен эпидемия Францияда ылдам жайылууда.

RİA Novosti: Орусияда коронавирусту жуктурган жаңы 71 бейтап катталды.

TASS: Орусияга Кытайдан 25,5 миллион коргоочу маска алып келинди.

 



Тектеш кабарлар