Дүйнөлүк басма сөз 19.03.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1381455
Дүйнөлүк басма сөз 19.03.2020

Al-Sharq Al-Awsat : Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму: «Корона адам баласынын душманы»

Al-Quds Al-Arabi (Англия): Израиль коронанын себебинен 5 Европа өлкөсүндө элчиликтерин жабууда.

Le Parisien: Коронавирус: Францияда ооруга чалдыккан миң киши ооруканадан чыкты.

Le Temps : Швейцарияда е-соодада чоң өсүү болду.

Deutsche Welle: Германияда коронавирусту жуктургандардын саны 10 миңден ашты.

Handelsblatt.com: Коронавирус дүйнөлүк экономикага туруктуу таасир калтырат.

Tagesschau: Ирландиядагы «Ryanair» авиакомпаниясы 24-марттан тарта бардык учак каттамдарын токтото турганын билдирди.

El Pais (Испания): Мадридде бир күндө 88 киши коронавирустан каза тапты.

El Mundo : Испаниянын падышасы Фелипе VI: «Бул вирус бизди жеңе албайт, бизди коомчулук катары дагы күчтүү кылат».

Rossiyskaya gazeta: Орусия коронавирустун айынан чектөө коюучу чараларды арттырышы мүмкүн.

Известия: Москвада комменданттык саат киргизиле тургандыгы жөнүндөгү маалыматтар негизсиз экени белгиленди.

Regnum : Орусияда коронавирустун себебинен жаңы жумуш мүмкүнчүлүктөрү түзүлүшү мүмкүн.

КТРК: Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок.



Тектеш кабарлар