Дүйнөлүк басма сөз 17.03.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Al Jazeera: Корона Пентагонго жетти... АКШнын коргоо министри жана орун басары карантинге алынды.
Al Quds Al Arabi: Коронавируска каршы иштелип чыккан алгачкы вакцина адамдарда сынала баштады.
Al Sharq Al Awsat: Эки иордан ханзаадасы карантинге алынды жана өлкөдө вирусту жуктургандардын саны 29га жетти.
Le Parisien: Коронавирус: карантинге алынган жана «күрөш» жарыялаган Францияда вирусту жуктургандардын саны 6633кө, каза тапкандардын саны 148ге жетти.
Le Figaro: Францияда карантин үчүн 100.000 полиция жана коопсуздук кызматкери милдеттендирилди.
Infobae : Аргентинада дагы 9 кишиде коронавирус аныкталып, ооруну жугузгандардын саны 65ке жетти.
Prensa Latina (Куба): АКШлык изилдөөчүлөр Ковид-19 вакцинасын адамдарда сынап жатат.
TASS: Орусия 18-марттан 1-майга чейин чет өлкөлүктөрдүн өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды.
‘Kommersant’: Орусия өкмөтү бүгүн коронавируска каршы экономикалык чара көрүү планын жарыялайт.
Rossiyaskaya Gazeta: Орусия 2021-жылдын 1-октябрында Айга космостук кемесин учурат.
Deutsche Welle: Коронавирустун себебинен Европа Биримдиги чек араларын жабууда.
Euronews: Италияда Ковид-19дан каза тапкандардын саны эки миңден ашты.