Дүйнөлүк басма сөз 12.03.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1376945
Дүйнөлүк басма сөз 12.03.2020

«Нойе Цюрхер Цайтунг»: Түркиянын жашыруун учкучсуз учуучу куралдуу аппараты асмандагы күчү экенин билдирген.

Spiegel: «АКШнын президенти Дональд Трамптын билдирүүсү: АКШ Европага 30 күндүк саякат тыюу салуусун киргизди» деп жазган.

Stern: Азияда биржалар жана мунай баалары төмөндөп жатканын кабарлаган.

Al Jazeera: Президент Эрдоган Грециянын баш калкалоочуларга нацисттик ыкмаларды колдонуп жаткандыгын айтканын билдирген.

Al Sharq Al Awsat: Америкалык актер Том Хэнкс, өзүнүн жана жубайынын Австралияда коронавирусту жугузуп алгандыгын ырастаганын жазган.

Al Sharq Al Awsat: Сауд Арабия, коронавирустун жайылуусун алдын алуу үчүн Европа Биримдигине жана берки өлкөлөргө саякат кылууну токтоткондугун маалымдаган.

Al Raya (Катар): Эрдоган: «Идлибдеги ар бир кол салууга эселентип жооп беребиз» дегенин жазган.

Le Parisien (Франция): «Коронавирус: Дональд Трамп европалыктарга АКШнын каалгаларын жабууда» деп кабарлаган.

Le Monde (Франция): Францияда 24 саттын ичинде Covid-19ду жуктурган 500 жаңы бейтап катталгандыгын билдирген.

Lenta.ru: Орусия Мунай экспорттогон өлкөлөр уюмунан чыгып АКШ мунайына кыйратуучу сокку ургандыгын маалымдаган.

TASS: Польшанын тышкы иштер министри, Орусия менен карым-катнаштарды нормалдаштырууну жактагандыгын айтканын жазган.

Независимаягезити: «Рублдин төмөндөшү жана Ковид-19дун себебинен орустардын сатып алуу күчү азайтууда» деп билдирген.

La Vanguardia (Испания): Испания өкмөтү коронавируска каршы учурдагы чара көрүүлөр 10 күндүн ичинде таасирдүү болбосо, дагы катуу чараларды көрө тургандыгын маалымдаган.

Prensa Latina (Куба): Колумбиянын борбор шаары Боготада коронавирустан улам сары белгидеги эскертүү жарыялагандыгын билдирген.

Infobae (Аргентина): Мексика өкмөтү 12 кишинин коронавирусту жуктуруп алгандыгын ырастаганын кабарлаган.

КТРК: АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги жана Дүйнөлүк банк коронавирустан коргонуу үчүн Кыргызстанга атайын медициналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардам тапшырганын билдирген.



Тектеш кабарлар