Дүйнөлүк басма сөз 11.03.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Al-Raya Al-Katariya (Катар): Президент Эрдоган: «Шейшемби күнү Франциянын президенти Эмануэль Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркель менен үчтүк жыйын өткөрөбүз» дегенин жазган.
Alsharq Alawsat (сауд-британ): Кытай коронавирусту көзөмөлгө алгандыгын билдирген.
AL MUSTAKBAL (Ливан): АКШнын президенти Трамп: «Коронависка кабылган жокмун жана ден-соолугум жакшы» дегенин маалымдаган.
Deutsche Welle: Германиянын канцлери Ангела Меркель: «Коронавирус элдин 60-70 пайызына жугушу мүмкүн» дегенин жазган.
Handelsblatt.com: Мунайда Сауд Арабия менен Орусиянын ортосундагы баа согушу дүйнөлүк рыноктордо кескин төмөндөөгө себеп болгонун кабарлаган.
El País (Испания): Испаниянын премьер-министри Педро Санчес, коронавирустан таасирленген үй-бүлөлөр, туризм сектору жана чакан-орто ишканаларга жардам берүүнү убада кылганын билдирген.
Le Parisien: Францияда коронавирус мамлекеттик жетекчилерге жуккандыгын жазган.
NSN кабар порталы: Орус парламентинде Коммунисттик партиянын себебинен мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлбөй тургандыгын билдирген.
TASS: Насыя рейтингин анализдеген агентттик (AKRA) финансылык кризис ыктымалдуулугу боюнча Орусияны эскерткендигин кабарлаган.
Коммерсант: Москвада 100 чакты кишиден турган топ Путиндин президенттик мөөнөтүнө байланыштуу өзгөртүүгө каршылык көрсөтүп жаткандарын жазган.
КТРК: «Коронавирус дүйнөлүк фондулук биржага терс таасирин тийгизүүдө» деп билдирген.