Дүйнөлүк басма сөз 10.03.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Альшарк Альавсат (сауд-британ): Кытайда коронавирусту жуктургандардын саны азайып, дүйнөдө көбөйүп баратканын кабарлаган.
Al-Ayam (Бахрейн): Испанияда коронавирусту жуктургандардын саны миңден ашканын билдирген.
Deutsche Welle: Президент Эрдоган НАТОдон колдоосун арттыруусун өтүнгөнүн жазган.
Spiegel: Кытайдын президенти Си Цзиньпин коронавирус пайда болгон Ухань шаарына барганын маалымдаган.
Зюддойче цайтунг: Германияда эки киши коронавирустан каза тапканын кабарлаган.
El País: Брюссель, грек чек арасындагы чыңалууну басаңдатуу максатында Эрдоган менен кайрадан диалог баштатуу ниетинде экендигин жазган.
El Mundo: Коронавирустан улам Мадридде бардык мектеп, бала бакча жана университеттер 15 күнгө жабылганын билдирген.
El Clarín: Аргентинада дагы 5 кишиде коронавирус аныкталып, вирусту жуктургандардын саны 17 кишиге жеткенин маалымдаган.
Ria Novosti: НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, качкындар темасында Түркия-Европа Биримдиги диалогун колдогонун жазган.
Известия: Казакстандын тышкы иштер министри ушул айдын ичинде Нур-Султанда өткөрүлүшү пландалган Сирия тууралуу сүйлөшүүлөрдүн кечеңдетилиши мүмкүн экендигин билдиргенин маалымдаган.
ТАСС: Анкарада Орусия менен Түркиянын аскердик делегацияларынын жыйыны бүгүн баштала турганын кабарлаган.
Le Figaro: Италияда премьер-министр Жузеппе Конте 60 миллион итальянды карантинге ала турганын билдирген.
КТРК: Кыргызстанда валюта базары туруктуу экенин жазган.