Дүйнөлүк басма сөз 9.03.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1374514
Дүйнөлүк басма сөз 9.03.2020

 

Al-Raya Al-Katariya (Катар): Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Сирияда Идлиб аймагын, ок атышпоого карата берилген убадалар орундатылбаган учурунда «Жаз калканы» операциясынын алкагында өз ыкмабыз менен тазалайбыз» дегенин жазган.

Al-Ayam (Бахрейн): Португалиянын президенти Марсело Ребело де Соуза, өзүн карантинге алган биринчи президент болгонун кабарлаган. Соуза коронавируска каршы чара көрүүнүн алкагында эки апта бою бардык расмий программаларын жойду.

Alsharq Alawsat (сауд-британ): Сауд Арабияда коронавирустан улам кафе жана ресторандарда кальян кызматынын убактылуу токтогондугун жазган.

El País (Испания): Брексит испандардын 60 пайызын тынчсыздандырып жатканын маалымдаган.

Infobae (Аргентина): Азия биржалары коронавирус коркунучунан улам төмөндөөсүн улантып жатканын кабарлаган.

Telesur (Венесуэла): Эквадордо коронавирусту жуктургандардын саны 15 кишиге жеткенин жазган.

Le Temps (Швейцария): Коронавирус менен күрөшүү үчүн итальяндардын төрттөн бири карантинге алынгандыгын билдирген.

Deutsche Welle: Президент Эрдоган бүгүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге бара турганын маалымдаган.

Spiegel: Президент Эрдоган Грецияга чакырык салып, Европага баруу үчүн Түркия чек арасында күтүп турган качкындарга каалгаларын ачуусун талап кылганын билдирген.

Reuters: Мунай баалары кескин төмөндөп кеткенин кабарлаган.

TASS: Түркия, Орусия менен түзүлгөн макулдашууга баш ийилбеген учурунда Идлибде кыймылга өтөөрүн билдиргенин жазган.

«Известия»: Түндүк Корея, коронавирустун себебинен чет өлкөлүктөрдү Орусияга эвакуациялаганын маалымдаган.

RİA Novosti: Орусиянын курал экспорттоодо үч лидер өлкөнүн арасында экендигин жазган.

КТРК: "Саякбай манасчы" тасмасы тартылган аймак этнокомплекске айлана турганын билдирген.

 



Тектеш кабарлар