Дүйнөлүк басма сөз 5.03.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1372447
Дүйнөлүк басма сөз 5.03.2020

 

Deutschlandfunk: «Түрк-грек чек арасындагы абал: Эрдоган Европаны эки жылдан бери эскертип келе жатат» деп жазган.

Süddeutsche Zeitung: Путин менен Эрдоган Идлибдеги чыңалууну сүйлөшө тургандарын билдирген.

Deutsche Welle: «Коронавирус: Италия мектептер менен жогорку окуу жайларды жапты» деп кабарлаган.

Al sharq Al-Awsat: Сауд Арабияда Ирандан келген бир жаранында экинчи коронавирус аныкталганын билдирген.

Al Jazeera: Сауд Арабия, умраны өз жарандарына жана ал жерде жашагандарга коронавирустан улам токтотконун маалымдаган.

El Mundo (Испания): Европа Биримдигинин чек арасындагы качкындар: «Мылтыктарын чыгарып бизди көздөй ок атышты» дегендерин жазган.

La Vanguardia (Испания): Испанияда коронавирустан каза тапкан экинчи адамдын катталганын, ооруну жугузгандардын саны 200гө жакындаганын билдирген.

Le Monde: Түркиянын качкындарга чек араларды ачкандар кийин Европа Биримдиги чечүүчү жол издеп жатканын кабарлаган.

Le Figaro: Макрон менен Трамптын Чоң жетинин саммитинин алкагында коронавирус боюнча кызматташууга даяр экенин жазган.

Gazeta.ru: Путин менен Эрдоган Идлибдеги абалды Москвада сүйлө тургандарын маалымдаган.

Moskva 24: Эрдоган менен пландалган жолугушуунун алдында Путин, Сириянын Идлиб аймагындагы абалды Орусиянын федералдык коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен талкуулаганын билдирген.

Lenta.ru: Орусия Сириядагы аскердик күчүн бекемдегенин жазган.

КТРК: Бүгүн Кыргызстанда Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленип жатканын маалымдаган.

 



Тектеш кабарлар