Дүйнөлүк басма сөз 24.02.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Deutsche Welle: Венеция карнавалы коронавирустун себебинен токтотулгандыгын билдирген.
Al-Raya Al-Katariya (Катар): Катардын эмири Аль Тани Иорданияга сапар жасап жатканын жазган.
Alsharq Alawsat (сауд-британ): Иранда коронавирустан каза тапкандардын саны 12ге жеткенин кабарлаган.
VATAN (Оман): Омандын Саламаттык сактоо министрлиги: «Карантин Египет, Ливан жана Бириккен Араб Эмирликтеринен келгендерди камтыбайт» дегенин маалымдаган.
Le Figaro (Франция): Франция ыктымалдуу коронавируска каршы даярдык көрүп жатканын жазган.
Libération (Франция): Италияда коронавирустун жайылып баратканы боюнча бир канча шаардын карантинге алынганын кабарлаган.
El Pais: Брюссель коронавирустан улам Европа ичиндеги чек аралардын жабылып калышы мүмкүн экени боюнча тынчсызданып жатканын билдирген.
El Mundo: Туман менен шамал, Канар аралдарында чыккан өрттү өчүрүү иштерине жана аба каттамдарына терс таасирин тийгизип жатканын маалымдаган. 12.000 киши чыга албай кады.
Gazetem.ru: Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: «Орусия менен Түркиянын алакаларында терс сценарийлерди жаратуунун кереги жок» дегенин жазган.
Lenta.ru: АКШнын президенти Дональд Трамп, Орусия менен Украинанын элдешүүсүн каалаганын айтканын маалымдаган.
RT сайты: АКШнын согуштук кемесинин Кара деңизге коопсуздук үчүн барганын кабарлаган.
КТРК: 2020-жылы кыргызстандыктар грин-карт лотереясына катыша ала тургандарын билдирген.