Дүйнөлүк басма сөз 20.02.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Alsharq Alawsat (сауд-британ): АКШ менен Сауд Арабия биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүп жатканын билдирген.
Deutsche Welle: Президент Эрдоган Сирия режимине акыркы эскертүүсүн айтканын жазган.
Welt: Германиянын Ханау шаарында куралдуу кагылышуулардан он бир кишинин көз жумганын кабарлаган.
Le Monde: Германияда кальян кафелерине кол салуу болгонун билдирген.
France 24: Жаңы типтеги коронавирусту жуктургандарын санынын азайып баратканы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун кубандырганын жазган.
Le Temps (Швейцария): «Брекситтен кийин Европада жаңы күрөш» деген теманы койгон.
TASS: Орусиянын президенти Владимир Путин, мурунку премьер-министр Дмитрий Медведев менен өкмөттүн отставкасын мурдатан эле сүйлөшкөндүгүн айтканын билдирген.
«Известия»: Түркия, Орусия жана Иран Сириядагы абал боюнча үчтүк саммиттин күнүн белгилөөгө аракет кылып жаткандарын маалымдаган.
Ria Novosti: Япониянын «Diamond Princess» кемесиндеги дагы эки орус жүргүнчүдө коронавирус аныкталганын кабарлаган.
Telesur, Венесуэла: Эрдоган Сирияга операция жүргүзүүнүн көз ирмемде болуучу жагдай экенин билдиргенин жазган.
El País, Испания: БУУ Сириядан келе турчу качкындардын чоң агымы боюнча эскерткенин маалымдаган.
Prensa Latina, Куба: Мексикада эки кишинин Ковид-19 вирусун жуктуруп алышы мүмкүн деп шектелгенин кабарлаган.
КТРК: Өзбекстан чек арада кармалган 13 кыргызстандыкты коё бергенин билдирген.