Дүйнөлүк басма сөз 4.02.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Deutsche Welle: Эрдоган: «Крымдын мыйзамсыз аннексияланышын тааныбайбыз» дегенин жазган. Президент Эрдоган Украинага сапарында Крымдын аннексияланышын күн тартипке койду. Эрдоган: «Түркия катары Крымдын мыйзамсыз аннексияланышын тааныбаганыбызды баса белгилей кетким келет»,-деди.
Bild гезити: Германияда коронавирусту жуктурган дагы эки адамдын аныкталганын билдирген. Өлкөдө бул илдет менен катталгандардын саны 12 кишиге жетти.
Zdf порталы: Аскерлери шейит кылынгандан кийин Түркия Сирияга каршы жооп кайтаруу операциясын баштаганын кабарлаган.
«Аль Шарк Аль Авсат»: Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Коронавирустун жайылуусун коштогон «маалымат эпидемиясы» темасында эскерткенин жазган.
Telesur: Венесуэла өкмөтү, жаңы типтеги коронавируска каршы Кытайга тилектештик көрсөткөнүн камтыган билдирүү жарыялаганын маалымдаган.
РИА Новости: Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов, Түркиянын Москвадагы элчиси Мехмет Самсар менен жолукканын билдирген.
Gazetem.ru: Зеленский, орус абактарындагы украиналыктардын эркин кое берилиши үчүн Түркиядан жардам сураганын жазган.
Lenta.ru: «Орусиядан жаңы чара көрүү: коронавирустуу чет өлкөлүктөр өлкөдөн депортацияланат» деп кабарлаган.
Le Monde: «Европанын төрт тарабында коронавирус коркуусу басымдуулук кылууда» деген теманы койгон.
КТРК: 2020-жылы Дубайда кыргыз маданиятынын күнү белгилене турганын билдирген.