Дүйнөлүк басма сөз 30.01.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Аль Шарк Аль Авсат: Палестинанын мамлекет башчысы Аббас, АКШнын тынчтык планы тууралуу Коопсуздук кеңешинде сөз сүйлөй турганын билдирген.
Al Quds Al Arabi: Вашингтондогу ортодоксалдык жүйүттөр, Трамптын жалган планын четке каккандарын билдиргенин жазган.
«Зюддойче Цайтунг»: «Эрдоган Путинди эскертти» деген кабарында Түркиянын президенти Эрдоган, Орусиянын Анкара менен түзгөн макулдашууга баш ийбегендигин айтканын жазган.
Deutsche Welle: Коронавирустан каза тапкандардын саны 170 кишиге жеткенин кабарлаган.
El Pais (Испания): Коронавирус: Ухандан чыгарыла турган испан жарандары 14 күндүк карантина мөөнөтүнөн кийин Европага бара ала тургандарын билдирген.
Le Soir: Бельгиялык тур операторлор Кытайдан жасалган эрте брондоолорду жое тургандарын маалымдаган.
France 24: Европа Парламенти, Брексит келишимин бекиткенин билдирген.
Le Parisien: Францияда коронавирус боюнча бешинчи адам катталганын кабарлаган.
TASS: Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен Москвада жолугуша турганын маалымдаган.
РИА Новости: Түркияда жаңы коронавирустун туризм секторуна тийгизе турган таасири каралып чыкканын жазган.
«Вести» гезити: Ыраакы Чыгыштагы беш орус аймагында Кытай менен чек аралары жабыла турганын кабарлаган.
КТРК: Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан жарандын кармалганын билдирген.