Дүйнөлүк басма сөз 13.01.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Alsharq Alawsat (сауд-британ): Багдаддын түндүгүндөгү Америка аскерлери жайгашкан базанын ракеталык кол салууларга дуушар болгонун билдирген.
Al-Raya Al-Katariya (Катар): Ирактагы митингдердин кайрадан күч алганын жазган.
Alsharq Alawsat (сауд-британ): Ирандын, Украина учагынын кыйрашына байланыштуу чындыктарды жашыргандыгы жөнүндөгү маалыматтарды төгүнгө чыгарганын кабарлаган.
Le Monde: Ливиянын борбор шаары Триполидеги ок атышпоо режими Түркия менен Орусиянын ортомчулугунда камсыздалганын жазган.
France 24: Пенсиялык реформа темасында Франциянын премьер-министри Эдуард Филипп аягына чейин барылаарын айтканын билдирген.
Libération: Иранда кыйраган Боинг учагына байланыштуу жетекчилердин моюнга алуулары ачууланууга себеп болгонун жазган.
La Vanguardia (Испания): Түркия Ливия жана Идлибде камсыздалган ок атышпоо режиминин өз тынчтык дипломатиясынын түшүмү экенин билдиргенин кабарлаган.
La Tercera (Чили): Реал Мадрид Атлетикону пеналтиде жеңип жана Испаниянын Супер кубогуна ээ болгонун маалымдаган.
‘Коммерсант’: Тегерандагы учак кырсыгы боюнча Украина кун төлөнүшүн талап кыла турганын жазган.
‘Известия’: Австриянын тышкы иштер министри: «Түндүк агым-2» газ кууруна киргизилген санкциялардын кабыл алынгыс экенин айтканын билдирген.
TASS агенттиги: АКШ менен Түркия Жакынкы Чыгышта НАТОнун ролун күчтөндүрүүнүн жолдорун сүйлөшкөнүн кабарлаган.
Deutsche Welle: Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель, Ливия маселесин сүйлөшүү үчүн Стамбулда президент Эрдоган менен жолукканын маалымдаган.
КТРК: Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Түркияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль алганын билдирген.