Дүйнөлүк басма сөз 10.01.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
France 24: Кыйраган Боинг учагы, Жастин Трюдонун айтымына караганда Иран ракетасы тарабынан атылды.
Libération: Пенсиялык реформага каршы чыккандар дагы деле митингдерин улантып жатышат.
Alsharq Alawsat: Украина аба жолдоруна таандык учактын Иран ракетасы менен атып түшүрүлгөндүгүнө байланыштуу далилдер бар экендиги билдирилди. Канада, Англия жана Американын чалгындоо кызматтары учактын жаңылыштык менен атылганын ойлоп жатышат.
Alquds Alarabi: Трамп: «Ирандын АКШнын Багдаддагы элчилигин бомбалоону пландагандыгы үчүн Сүлейманин өлтүрдүк».
Alraya: Иран парламенти Пентагонду террор тизмесине кошту.
La Nación (Коста-Рика): Коста-Рика экономикасы АКШ-Иран чыңалуусунан таасирленет.
Lenta.ru: АКШнын, Украинага таандык Боинг-737-800гө тийгендиги айтылган ракетага байкоо салышы мүмкүн деп шек саналууда.
«Известия»: Орусия Иран темасында баардык тарапты ченемдүү болууга чакырды.
Deutsche Welle: Дин иштери Түрк-Ислам Биримдиги (DITIB) Германияда имам даярдай баштады.
Handelsblatt.com: АКШ-Иран чыңалуусунун себебинен алтындын баасы 2013-жылдан берки эң жогорку деңгээлине жетти.
КТРК: Кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптан ок атуу токтоду.