Дүйнөлүк басма сөз 6.01.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Al-Raya Al-Katariya (Катар): Үчүнчү Дүйнөлүк согуштун билиги Ирактан жагылабы?» деген теманы койгон.
Alsharq Alawsat (сауд-британ): Ирактык митингчилер, Иран менен Американын басып алуусунун токтошун каалап жаткандарын жазган.
VATAN (Оман):«Кудс күчүнүн командири Сүлеймани өлтүрүлгөндөн кийин Иранда аза күтүү жарыяланды. Европа өлкөлөрү тараптарды тынчтанууга чакырды» деп билдирген.
Deutsche Welle: Түркиянын Ливияга аскер жөнөтө баштаганын кабарлаган.
Focus сайты: Трамп АКШ аскерлерин чыгаруу чечими үчүн Иракты санкциялар менен коркутуп жатканын маалымдаган.
Zeit.online: Иран эми атомдук келишимге баш ийгиси келбегенин жазган.
Le Figaro: Иран маселеси боюнча Макрон Трампка «толук тилектештик көрсөткөнүн» айтканын билдирген.
РИА Новости: Япониянын аскердик эксперти, Советтер союзу убагында чыгарылган Миг-25 согуштук учагынын «дүйнөнүн эң ылдамы» экенин айтканын жазган.
Gazeta.ru: Орусиянын жаштардан куралган хоккей командасы, дүйнөлүк финал беттешүүсүндө Канадага утулуп калганын маалымдаган.
«Известия» гезити: Украинада ашкере оң улутчулдардын символу болгон Степан Бандеранын айкелинин Орусия чек арасындагы бир шаарга тургузулушун сунуштагандарын жазган.
КТРК: Кыргызстанда 2020-жылы аткарылчу иштер талкууланганын билдирген.