Дүйнөлүк басма сөз 30.12.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Bild: Германия аба жолдору Eurowingsте иш таштоо болуп, 180 рейстин токтотулгандыгын кабарлаган.
Spiegel: Эркин соодадан эң көп АКШ, Кытай жана Германия пайда тапканын билдирген.
Al Sharq Al Awsat: Орусиянын 12 сааттын ичинде Сириядагы ооруканаларга болгон төрт кол салууга аралашкандыгын көрсөткөн далилдер бар экенин жазган.
Al Raya (Катар): Түркия Идлибдеги трагедияга бөгөт болуу аракеттерин кайталаганын маалымдаган.
El País (Испания): Испания Марокко менен отуз жылдын ичинде алгач ирет аскердик кемелердин сатылуусун сүйлөшүп жатканын кабарлаган.
Le Monde: Францияда пенсиялык реформага каршы иш таштоолор метро жана презд каттамдарын өзгүлтүккө учуратып жатканын билдирген.
France 24: Украина менен Донецктеги жикчилдер 200 туткунду айырбаштап жатканын маалымдаган.
Lenta.ru: Орусиялык миллиардерлердин байлыктары быйыл рекорд койгонун кабарлаган.
«Известия» гезити: Казакстандын Ички иштер министрлиги, Алматыда учактын үч себептен улам кулашы мүмкүн экенин билдиргенин жазган.
КТРК: Салттуу музыка жумалыгы республиканы камтый турганын билдирген.