Дүйнөлүк басма сөз 27.12.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Faz (Frankfurter Allgemneine Zeitung): Түркиянын Ливияга аскер жөнөтүүнү пландап жатканын билдирген.
Deutsche Welle: Германиядан башпаанек сурагандардын саны азайганын маалымдаган.
Zdf: «Люфтганзада 2019-жылы дагы иш таштоо бар» деп жазган.
Al-Raya Al-Katariya (Катар): Президент Эрдоган: «Уруксат кагазы чыккан кийин Ливияга аскер жиберебиз» дегенин кабарлаган.
Alsharq Alawsat (сауд-британ): Ирактын президенти, кызматтан кетүү арызын парламентке тапшырганын билдирген.
VATAN (Оман): Президент Эрдоган менен тунистик кесиптеши Ливия делосун сүйлөшкөндөрүн жазган.
Le Monde : Францияда пенсиялык реформага каршы иш таштоолого катышкандарга колдоо көрсөтүү үчүн чогулган каражаттын 1 миллион евродон ашканын маалымдаган.
Le Temps (Швейцария): «Түндүк агым-2» долбоорун токтотуу үчүн Вашингтон швейцариялык Allseas ишканасын бутага алганын билдирген.
Lenta.ru: Казакстанда жүргүнчү учагынын жерге кулап түшкөнүн кабарлаган.
RİA Novosti: Эстониянын тышкы иштер министри, чет өлкөлөрдүн Спуникке байланыштуу кысым көрсөтүүлөрүн кабыл албай тургандарын айтканын жазган.
Russia Today: Орусияда Жаңы жылдык салттарынын ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилишинин сунушталгандыгын маалымдаган.
КТРК: Орусия Кыргызстанда пилотсуз учак колдонууну сунуш кылганын билдирген.