Дүйнөлүк басма сөз 9.12.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
«Аль-Рая Аль-Катария» гезити: Президент Эрдоган: «Бир миллион сириялыктын «Тынчтык булагы» операциясынын негизинде террористтерден тазаланган аймактарга жайгаштыруу иштери башталды» дегенин жазган.
«Альшарк Алавсат» гезити: Сауд Арабиянын, Булуң кызматташтык саммитине кожоюндук кылаарын маалымдаган.
«Коммерсант» гезити: Орусия менен Украинанын газ темасында макулдашкандарын билдирген.
РИА Новости агенттиги: Орусиянын президенти Владимир Путин, Дүйнөлүк анти-допинг агенттигинин Орусияны Олимпиадалык оюндардан четтетүү чечиминин саясий максаттуу экенин айтканын жазган.
«Ведомости» гезити: Президент Путин, Берлинде өлтүрүлгөн грузин улутундагы жарандын Москвадагы жардырууларга байланыштуу изделгенин айтканын билдирген.
«Bild» гезити: Жаңы Зеландиядагы вулкандын атылышынан 5 киши көз жумуп, 30дан ашуун кишинин жаракат алганын кабарлаган.
Le Parisien: «Макрон-Путин жолугушуусу: Франция эмне себептен Орусияны жактаган мамиле көрсөтө баштады» деп жазган.
Ле Монд: Париждеги иш таштоонун шаарды баш аламан кылганын билдирген.
La Jornada: Мексика менен Европа Биримдиги мыйзымсыз курал сатууга бөгөт болуу үчүн кызматташа тургандарын маалымдаган.
КТРКнын сайты: Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата 12-декабрда “АЙТМАТОВ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ: УЛУУ ИНСАН ЖАНА КООМДУК ИШМЕР” деген аталыштагы эскерүү кечеси өтө турганын билдирген.