Дүйнөлүк басма сөз 9.12.2019

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1320062
Дүйнөлүк басма сөз 9.12.2019

«Аль-Рая Аль-Катария» гезити: Булуң өлкөлөрүнүн саммити эртең Сауд Арабиянын баш калаасы Риядда өткөрүлө турганын билдирген.

Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: «Иракта 2626 митингчи эркин кое берилди. Багдаддын операциялар командири кызматтан алынды» деп жазган.

«Bild» гезити: Германиянын канцлери Ангела Меркель бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуга турганын маалымдаган.

Spiegel: Орусиянын Олимпиадалык оюндардан четтетилиши мүмкүн экенин жазган. Дүйнөлүк анти-допинг агенттиги бүгүн өз чечимин чыгарат.

Deutsche Welle: Дүйнөдөгү курал өндүрүшү ылдам уланып жатканын кабарлаган.

Infobae (Аргентина): «Колумбияда Иван Дуке өкмөтүнө каршы жаңы нааразылык күнү» деп билдирген.  

Gazeta.ru сайты: Москванын «Нормандия төрттүгү» самитинде катуу мамилесин көрсөтө турганын жазган.

РБК: Орусиянын Баш мыйзамынын өзгөртүлүүсү керектигин ойлогон жарандардын саны 1,5 эсе көбөйгөнүн маалымдаган. Орустардын 68 пайызы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилиши керек деп ойлойт.  

«Известия» гезити: Столтенберг Орусияны НАТОнун душманы катары мүнөздөөдөн баш тартканын жазган.

France 24: Францияда пенсиялык реформага каршы наазалык акциялары уланып жатканын кабарлаган.

КТРКнын сайты: Кыргызстан консулдук каттоону online ыкмага өткөргөнүн билдирген.

 



Тектеш кабарлар