Дүйнөлүк басма сөз 5.12.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Германиядагы Zeit сайты: Меркель менен Трамптын НАТОнун саммитине ийгиликтүү өттү деп баа бергендерин жазган.
Deutsche Welle: Германиядан көчүп кеткендердин көбүнүн академиктер экенин билдирген.
«Аль Шарк Аль Авсат» (Катар): АКШ 23 жылдан кийин алгач ирет Судан менен эки тараптуу түрдө элчи дайындай турганын кабарлаган.
«Аль-Кудс Аль-Араби»: Эрдоган: «Сириянын жерлерине көз артпайбыз жана ач көздүүлөр ал жерден чыгышы керек» дегенин жазган.
ABC (Испания): Испаниянын премьер-министри Педро Санчестин Түркиянын президенти Эрдоган менен эки тараптуу жолугушуу өткөргөнүн маалымдаган.
Ле Монд (Франция): Уурдалган видеонун жарыяланышы НАТОнун саммитинде АКШнын президенти Трамп менен Канаданын премьер-министри Трюдонун ортосунда чыңалууну жаратканын жазган.
ТАСС агенттиги: Германиянын эки орус дипломатты депортация кылуусуна Орусиянын жооп кайтара турганын маалымдаган.
GAZETEM.RU: Песков: «НАТОнун бюджетинин көбөйгөндүгү жөнүндө: «Бул бизди тынчсыздандырууда» дегенин кабарлаган.
İNTERFAKS агенттиги: Путин, «Түрк агымы» газ куурунун курулушун Болгариянын атайылап акырындатканын айтканын жазган.
КТРК: Эл аралык валюта фонду Кыргызстан менен кызматташууну уланта турганын билдирген.