Дүйнөлүк басма сөз 26.11.2019

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1312551
Дүйнөлүк басма сөз 26.11.2019

«Аль-Рая Аль-Катария»: «Түркия: «Чеңгел» операциясынын алкагында Ирактын түндүгүндө 163 террорист жок кылынды» деп жазган.

«Аль Шарк Аль Авсат»: Ирандагы митингдерде кеминде 143 кишинин каза болгонун кабарлаган.

«Аль-Рая Аль-Катария»: Багдаддагы митингдер уланып жатканын билдирген.

Zeit.online: Түркиянын Орусиядан сатып алган коргонуу системаларынын сыноолорун баштаганын маалымдаган.

Вестдойчер Рундфанк: ДЕАШка мүчө террорист аялдын Германияга кайтканын жазган.

Focus.online: Германиянын экономикасы солкулдап жатканын кабарлаган.

Ла Хорнада (Мексика): Баш калаа Мехикодо миңдеген киши аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы чогулгандарын билдирген.

Le Parisien: «Борис Жонсон, Европаны алсыраткан жалганчы» деп жазган.

«Известия» гезити: Рособоронэкспорт, С-400дөр боюнча Түркия менен экинчи келишимге кол коюуга даярданып жатканын маалымдаган.

ТАСС агенттиги: Орусиянын Англиядагы элчиси, орусиялык журналисттерге виза берилбей коюшуна ошондой эле түрдө жооп кайтарыла тургандыгын айтканын билдирген.

Lenta.ru сайты: Путин менен Зеленскийдин Украинага газ өткөрүү темасын сүйлөшкөндөрүн жазган.   

КТРК: Президент Сооронбай Жээнбеков 29-ноябрда Ташкентте өтүүчү Орто Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусуна катыша турганын билдирген.

 



Тектеш кабарлар