Дүйнөлүк басма сөз 11.11.2019

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1304049
Дүйнөлүк басма сөз 11.11.2019

 

«Зю́ддойче ца́йтунг»: Боливиянын президенти Эво Моралестин кызматтан кеткенин билдирген.

«Франкфуртер Альгемайне Цайтунг»: Германияда түрк тектүү саясатчы Белит Онай, Ганновердин мэри болуп шайланганын кабарлаган.

Аль-Рая Аль-Катария: Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглу: «Элинен тышкары эч кимдин сириянын байлыктарын колдонууга укугу жок» дегенин жазган.

Lenta.ru: АКШдан кийин Орусия дагы ачык асман мейкиндиги келишиминен чыгуудан баш тартканын билдирген.

Российская газета: Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин менен С-400 абадан коргонуу системалары тууралуу сүйлөшкөнүн маалымдаган.

Gazeta.ru: Польша Орусия менен жакындашуудан баш тарканын жазган.

Миленио (Мексика): Мексика Моралеске саясий башпаанек укугун бергенин кабарлаган.

Le Parisien: НАТОго билдирүүлөрүнөн кийин Макрондун Тынчтык форумуна катышуусу чыдамсыздык менен күтүлүп жатканын билдирген.

КТРКнын сайты: Индияда дүйнөдөгү эң бийик эстелик ачылганын жазган.



Тектеш кабарлар