Дүйнөлүк басма сөз 8.10.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
«Аль-Шарк Аль-Авсат» (сауд-британ): Ирак өкмөтү үч күндүк аза күтүү жарыялап жана рефомалар менен элдин ачуусун басууга аракет кылып жатканын жазган.
«Аль Рая Аль Катария» (Катар): Түркия: Сириянын түндүгүндө «Тынчтык булагы» операциясын баштаганын кабарлаган.
«Аль-Мустакбаль» (Ливан): Иран ири көлөмдөгү газ резервин тапканын жана чек арада аскердик машыгуу өткөрүп жатканын маалымдаган.
Deutsche Welle: Германияда синагоганын алдында кол салуу болгонун билдирген.
Кларин (Аргентина): АКШлык демократ Жо Байден Трампка каршы жарыяланган импичмент жараянын колдогонун кабарлаган.
France 24 : Түркия Сириянын түндүгүнө операция баштаганын билдирген.
ТАСС агенттиги: Эрдоган Сирияда операция жүргүзүүгө Түркиянын укугу бар экенин айтканын жазган.
РИА Новости агенттиги: Иранда эркин кое берилген орусиялык журналист Юлия Юзиктин Москвага барганын маалымдаган.
КТРК: Түркия Сириянын түндүгүндө аскердик операциясын баштады деп билдирген.