Дүйнөлүк басма сөз 7.10.2019

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1283066
Дүйнөлүк басма сөз 7.10.2019

«Аль-Шарк Аль-Авсат» (сауд-британ) гезити: Ирак: «саясий чөйрөнүн, «системанын өзгөрүшүнөн санааркап жатканын жазган.

«Аль-Рая Аль Катария» (Катар): «Ирактагы митингдер, өлкөнү хаоско алып келет» деп билдирген.  

Аль-Мустакбаль (Ливан): Ирактын Ички иштер министрлиги: митингдерде 104 киши каза болуп, 6 миңден ашуу кишинин да жаракат алгандыгын билдиргенин кабарлаган.

Le Figaro: Француздардын 75 пайызы талаа иштеринде химиялык дары колдоно тургандарын маалымдаган.

«Bild» (Германия) гезити: Айлана-чөйрөнү коргоочу топ бүгүн митинг өткөрүп Берлинде транспорттук тыгын жарата турганын жазган.

La Vanguardia (Испания) гезити: Социалист Антонио Коста Португалиянын премьер-министри болуп шайланганын белгилеген.

«Коммерсант» гезити: АКШнын президенти Дональд Трамп жана адвокаты Руди Жулианиге караштуу ишкерлер Украинанын «Нафтогаз» компаниясынын жетекчисин алмаштырууга аракет кылышканын билдирген.

«Известия» гезити: Индиянын Су-30MKI согуштук учактарын жаңылоо боюнча Орусия менен сүйлөшүп жатканын белгилеген.  

ТАСС агенттиги: Орусиянын президенти Путин 67 жаш мааракесин туугандары менен чогуу белгилей турганын кабарлаган.

КТРК: Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктаганын билдирген.

 



Тектеш кабарлар