Дүйнөлүк басма сөз 2.10.2019

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1280317
Дүйнөлүк басма сөз 2.10.2019

 

«Аль-Шарк Аль-Авсат» (сауд-британ): Ирактагы нааразылык акцияларында көп сандаган адамдын жабыркаганын жазган.

Аль-Хаят (Ливан): Иран Европага карата кысымын күчөтүп жана ядролук жоопкерчиликтерин азайтуу үчүн күтүлбөгөн кадамдарды таштап жатканын билдирген.

Le Figaro (Франция): Анкара Макрондун аша чаап кеткен мамилесине каршылык көрсөткөндүгүн жазган.

La República (Перу): Перу жаңы Конгресс мүчөлөрүн белгилеш үчүн 2020-жылы шайлоо өткөрө турганын маалымдаган.

Экспансьон (Испания): Эквадордун 2020-жылы Мунай экспорттогон өлкөлөр уюмунан чыга турганын кабарлаган.

Weser-Kurier (Германия): Бремен жана Төмөнкү Саксонияда мечиттерде ачык эшик күнү өткөнүн жазган.

Lenta.ru сайты: Донбасс Киевдин кол койгон «Штайнмейер формуласына» каршылык көрсөткөнүн билдирген.

«Известия» гезити: Сирияда Орусиянын С-500 абадан коргонуу системасы ийгиликтүү сыналганын жазган.

Russia Today: Орусиянын Энергетика министрлиги, Түндүк агым-2 куурунун күн тартипте калаарын үмүт кылганын маалымдаган.

КТРК: Кыргызстандык дзюдочу Айбек дүйнө рейтингинде жогору көтөрүлгөнүн билдирген.

 



Тектеш кабарлар