Дүйнөлүк басма сөз 30.09.2019

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1278720
Дүйнөлүк басма сөз 30.09.2019

 

Аль-Рая Аль-Катария: Израилде өкмөт куруу иштери ийгиликсиз болгонун жазган.

Аль-Мустакбал (Ливан): Түркиянын Сирия чек арасында учкучсуз учуучу учакты атып түшүргөндүгүн билдиргенин маалымдаган.

Эль Паис (Испания): Испаниянын өлкөдөгү саясий кризистин себебинен Европа Биримдигинде күчтөн тайганын жазган.

Deutsche Welle: «Сирия кризиси: Конституция комитети 30-октярда чогулат» деп билдирген.

Зюддойче Цайтунг: АКШнын мурунку президенти Барак Обаманын Германиянын Мюнхен шаарына барганын маалымдаган.

Infobae (Аргентина): Колумбиянын президенти Иван Дуке, Венесуэла өкмөтүнө каршы күрөшүүдө сабырдуулукту жоготпоого чакырганын жазган.

«Коммерсант» гезити: Орусиядагы баардык токой өрттөрүнүн өчүрүлгөндүгүн кабарлаган.

ТАСС агенттиги: Япон деңизинде Орусиянын чек ара кызматкерлерине кол салуу доосунда Түндүк Кореядан 10 балыкчы камакка алынганын жазган.

«Lenta.ru» сайты: Норвегияда Орусиянын атайын күчтөрү аныкталганын маалымдаган.

КТРК: Кытай-кыргыз чек арасы убактылуу жабыла турганын билдирген.

 



Тектеш кабарлар