Дүйнөлүк басма сөз 16.09.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
«Аль-Шарк Аль-Авсат» гезити: Алжирде президенттик шайлоо 12-декабрда өткөрүлө турганын билдирген.
«Аль-Рая Аль-Катария»: Катар: «Палестина эзелтеден бери палестиналыктардыкы жана ушундай калат» дегенин жазган.
«Аль-Мустакбал» гезити: АКШнын президенти Трамп: «Сауд Арабиядагы кол салууну кылгандардын ким экенин билебиз жана жооп берүүгө даярбыз» дегенин кабарлаган.
Deutsche Welle: Германиянын Медицина сыйлыгы быйыл жасалма жүрөк жаатындагы иштери менен таанымал хирург др. Дилек Гүрсойго ыйгарыла турганын маалымдаган.
«Жорнада» гезити (Мексика): 130 миңден ашуун мексикалык өлкөсүнүн көз карандысыздыгынын 209 жылдыгын белгилеш үчүн Сокало аянтына чогулганын билдирген.
Универсал (Мексика): «The Cars» тобунун ырчысы Рик Окасек 75 жашында каза болгонун жазган.
Le Monde (Франция): Францияда адвокаттар, дарыгерлер, учкучтардын пенсиялык реформага каршы наазалык акциялары уланып жатканын кабарлаган.
«Коммерсант» гезити: Орусия менен Беларусь 2021-жылы бирдей салык кодексине өтүүгө даярданып жаткандарын маалымдаган.
РИА Новости: Сауд Арабия мунай өндүрүшүн азайткандыктан мунай баалары 10 пайыз көбөйгөнүн билдирген.
«Вести» гезити: Красноярсктагы көп кабаттуу үйдө чыккан өрттөн 8 киши көз жумганын жазган.
КТРК: Кыргызстанда инвестициянын көлөмү өсүп жатканын билдирген.