Дүйнөлүк басма сөз 11.09.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
«Аль-Шарк Аль-Авсат» гезити: Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун «Батыш Шерианын айрым жерлерин кошуп алабыз» деген билдирүүсүнө араб тышкы иштер министрлери каршылык көрсөтүшкөндөрүн билдирген.
«Аль-Мустакбал» гезити (Ливан): АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео: «Трамп Рухани менен алдын ала шартсыз сүйлөшө алат»,- дегенин жазган.
La Vanguardia (Испания): АКШнын президенти Дональд Трамп, Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтонду кызматтан алганын билдирген.
Эль-Геральдо (Колумбия): Венесуэла «Эгемендик жана тынчтык» аттуу аскердик машыгуу үчүн Колумбия чек арасына 150.000 аскер жайгаштырганын маалымдаган.
Infobae (Аргентина): Колумбия Николас Мадуро режиминин чек арадагы аскердик машыгуусу үчүн катуу коңгуроо какканын билдирген.
Deutsche Welle: Германия кайрадан саудиялыктар менен коопсуздук тармагында кызматташып жатканын жазган.
«Коммерсант» гезити: Украина Орусия менен болгон келишимдерин бузууну токтотконун кабарлаган.
«Известия» гезити: Орусиянын алгачкы тик учар ташуучу кеменин курулушун 2020-жылдын май айында Крымда баштай турганын маалымдаган.
Lenta.ru сайты: Европа Комиссиясынын жаңы башчысы Урсула фон дер Лайен, Украина менен Грузиянын Европа Биримдигине дагы ылдам кошулуусун жактагандыгын айтканын жазган.
Le Figaro (Франция): «Сирияда АКШ-Түркия аскердик операция» деген теманы койгон.
France 24 (Франция): Шайлоого бир жума калганда Изарилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Батыш Шерианын бир бөлүгүн кошуп алууну убада кылганын билдирген.
КТРК: Эркин Адылбек уулу бокс боюнча дүйнөлүк мелдеште биринчи жеңишин камсыздагынан жазган.