Дүйнөлүк басма сөз 10.09.2019

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1266716
Дүйнөлүк басма сөз 10.09.2019

 

«Аль-Кудс Аль-Араби»: Израиль армиясы, Газада өзүнө таандык учкучсуз учуучу аппараттын атып түшүрүлгөндүгүн ырастаганын билдирген.

«Аль-Кудс Аль-Араби»: АКШнын президенти Дональд Трамп: «Ирандын президенти Хасан Рухани менен сүйлөшүүдө эч бир көйгөй болбойт» дегенин жазган.

«Аль-Шарк Аль-Авсат»: Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху: «Ирандын ядролук курал чыгаруу үчүн башка жашыруун аймагы бар» дегенин кабарлаган.

Deutsche Welle: Гонконгдук активист Жошуа Вонг Берлинде экенин билдирген.

Zdf каналынын сайты: Михаэль Шумахердин Парижде дарыланып жатканын маалымдаган.

Focus сайты: Дюссельдорфто ооруканада өрт чыгып бир киши каза болгонун, 70тен ашуун кишинин жаракат алганын жазган.

Gazeta.ru: Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, АКШнын Коргоо министрлигинин: «Орусия кадимки өлкө болушу керек» деген сөздөрүнө каршылык көрсөтүп: «Бул үчүн үлгү боло турчу өлкө АКШ эмес» дегенин билдирген.

ТАСС агенттиги: Орусияда жалпы жумушсуздук көрсөткүчү июнь айында тарыхтагы эң төмөн деңгээлде болгонун маалымдаган.

«Известия» гезити: 2030-жылы 20 миллиондон ашуун орус жараны роботтордун айынан өз ишинен ажырап калышы мүмкүн экенин кабарлаган.

Le Monde: Франция ооганстандыктардын өлкөдөн чыгарылышын тездетүүнү каалап жатканын билдирген.

 



Тектеш кабарлар