Дүйнөлүк басма сөз 9.09.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Le Monde: Июнь жана июль айларындагы катуу ысык аба ырайы Францияда 1.500 кишинин каза болушуна себеп болгонун билдирген.
Le Figaro: «Дориан» бороон-чапкыны-француз аскерлер Багамага жөнөтүлдү» деген теманы койгон.
Кларин (Аргентина): Бразилиянын президенти Жаир Болсонарунун операция болгонун, Сан-Паблодогу ооруканада жаткан лидердин саламаттык абалынын жакшы экендигин жазган.
Regnum кабар сайты: Москвадагы жергиликтүү шайлоодо бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясы утуп алгандыгын жарыялаганын маалымдаган.
RT кабар сайты: АКШ орус дипломаттарга карай чектөөлөргө бериле турчу ыктымалдуу жоопко коркуп жатканын жазган.
Gazeta.ru сайты: АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон, Орусия менен Украинанын ортосундагы туткун алмашууга оң баа бергенин маалымдаган.
Deutsche Welle (DW): АКШнын президенти Дональд Трамп Талибан менен сүйлөшүүнү токтотконун кабарлаган.
«Франкфуртер Альгемайне Цайтунг» (FAZ): «British Airways пилоттору иш таштады: дээрлик баардык каттамдары токтотулду» деп бидирген.
«Аль Рая Аль Катария» (Катар): Израиль Хамастын учкучсуз учуучу аппаратына тынчсызданып жатканын жазган.
КТРК: “Комуз күнүнө” карата өлкө аймагында бир катар иш-чаралар өтүп жатканын билдирген.