Дүйнөлүк басма сөз 3.09.2019

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1262834
Дүйнөлүк басма сөз 3.09.2019

Infobaе (Аргентина): «Дориан» бороон-чапкынынын Багам аралдарындагы кыйратуучу таасири беш кишинин өмүрүн алганын билдирген.

Prensa Latina (Куба): Бразилиянын президенти Жаир Болсонару, Амазон токойлору жөнүндө сөз сүйлөө үчүн БУУнун Башкы Ассамблеясына катыша тургандыгын айтканын жазган.

Германиядагы BR сайты: «Климаттык өзгөрүү Германияга вирус жана ооруларды алып келүүдө» деп билдирген.

DW: АКШнын Калифорния штатында болгон өрттүн айынан көп сандаган адамдын каза тапканын жазган.

RT маалымат сайты: Орусиянын Англиядагы элчилиги, Англиянын премьер-министри Борис Жонсондун Экинчи Дүйнөлүк согушка байланыштуу сөздөрүн айыптаганын билдирген.

Gazeta.ru сайты: Украинанын мурунку экономика министри Виктор Суслов, Крымга коюлган эмбаргонун өлкөнү 1 миллиард долларлык чыгымга учуратканын айтканын кабарлаган.

«Известия» гезити: Грузиянын ички иштер министри Георгий Гахария премьер-министрлик кызматына талапкер көрсөтүлгөндүгүн маалымдаган.

«Аль Рая Аль Катария» гезити: Иракта 2014-жылдан бери 25 миң адамдын дайынсыз жоголгонун жазган.

Le Monde: Борис Жонсон Брексит боюнча парламент менен бетме-бет келүүгө даяр экенин билдирген.



Тектеш кабарлар