Дүйнөлүк басма сөз 20.08.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
«Альшарк Альавсат» гезити: Тегеран, Вашингтон менен жаңы атомдук келишим темасында сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы жөнүндөгү кабарларды төгүнгө чыгарганын билдирген.
Аль Рая Аль Катария: «Сауд Арабия чет элдик жумушчулардын укуктарын бузууда» деген теманы койгон.
Аль Хаят (Ливан): Түрк десанттык бөлүктөрүнүн Сирия чек арасына баргандарын билдирген.
ABC газети (Испания): Канар аралдары өрттөрдөн жабыркап жатканын жазган.
La Tercera (Чили): «Илон Масктан жаңы оолуккандык: Марстын ядролук курал менен бомбаланышын сунуштады» деген теманы койгон.
Deutsche Welle: Сирияда түрк конвоюна болгон кол салууну БУУ менен АКШ айыптаганын жазган.
Spiegel: АКШ Грецияны Иран танкерлерине жардам бербегиле деп эскерткенин билдирген.
Либерасьон: Макрон менен Путиндин жолукканын маалымдаган.
Le Figaro: Брексит боюнча Лондон 31-октябрда чек араларды жаап салабыз деп коркутуп жатканын жазган.
Ле Монд: АКШ Суук согуштан бери алгачкы орто аралыкка учуучу ракетасын сынаганын кабарлаган.
«Известия» гезити: Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин 26-октябрга чейин абакта калтырылганын билдирген.
Lenta.ru: «Украина орус газына альтернатива тапты: Ал румын газы» деген теманы койгон.