Дүйнөлүк басма сөз 15.08.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
«Альшарк Альавсат» гезити: Катарда жаңы түрк аскердик базасы ачылганын билдирген.
«Альшарк Альавсат» : Үч ирактык, Германияда террордук кол салууну пландаган деп айыпталып жатканын жазган.
Аль Кудс Аль Араби: Сириянын Идлиб аймагында режимге таандык согуштук учак оппозициячылдар тарабынан атып түшүрүлгөндүгүн кабарлаган.
Эль Паис (Испания): Испания Италиянын Лампедуза аралынын жээктеринде күтүп турган «Open Arms» кемесиндеги бозгундардын бир бөлүгүн кабыл алууну чечкенин жазган.
Эль Комерсио (Перу): Венесуэланын президенти Николас Мадуро, Колумбиянын мурдагы президенти Альваро Урибени өзүн өлтүрүүнү пландаган деп күнөөлөгөнүн маалымдаган.
Merkür.de: Германияда августтун ортосунда суук болоору тууралуу билдирүү айтылганын жазган.
FAZ: Германия чет элдик студенттер үчүн барган сайын дагы ыңгайлуу болгонун маалымдаган.
Ле Монд (Франция): Францияда жумушсуздук көрсөткүчтөрү 2008-жылдан берки эң төмөн деңгээлде экенин билдирген.
РИА Новости: Орусиянын Аба транспорту федералдык агенттиги (Росавиация) Москвадагы «Жуковский» аэропортунда жүргүнчү учагынын шашылык конуу себебин билдиргенин жазган.
ТАСС агенттиги: Орусиянын Табигый ресурстар министрлиги Кытайга отун экспорттоого тыюу салышы мүмкүн экенин малымдаган.
«Коммерсант» гезити: Болтон Орусияны гипер үндүү курал чыгаруу үчүн технология уурдап жатат деп күнөөлөгөнүн жазган.