Дүйнөлүк басма сөз 8.08.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
«Аль-Хаят» гезити (Ливан): Түркия америкалыктар менен Сирия темасындагы оң сүйлөшүүлөрдө макулдашкандарын билдиргенин жазган.
«Альшарк Альавсат» гезити: Суданды террордук тизмеден чыгаруу үчүн АКШнын бир канча шарттары бар экенин кабарлаган.
Le Monde: Францияда 2017-жылы үч кичине баласы менен Сирияга барган эне 8 жылдык абак жазасына тартылганын жазган.
«Le Figaro»: «Глобалдык жылуулук, дүйнө жүзүндөгү азык-түлүк коопсуздугуна кандай коркунуч туудурууда» деген теманы койгон.
«Bild» гезити: «Германиядагы көлдөрдө эт жеген бактерия. Көлгө түшкөн бир аял каза болду» деп билдирген.
Deutsche Welle: АКШ менен Түркия Сирияда коопсуз аймак темасында макулдашканын маалымдаган.
Эль Мундо: (Испания): Жарандык коомдук уюмдардын куткаруучу топтору акырындык менен Жер Ортолук деңизден кайта баштаганына карабастан адам аткезчилери качкындарды ташып жаткандарын жазган.
«Известиция» гезити: Орус арамиясында кибер каракчыларына каршы атайын бөлүктөр түзүлө турганын кабарлаган.
lenta.ru: Германияда орустарга ырахмат айтуу үчүн чакырык салынды. Германиянын фералдык парламентинин төрага орун басары Вольфганг Кубицкий: «Немистер орустарга ыраазычылык билдириши керек, орустар болбогондо Германия бирикмек эмес»,-дегенин жазган.
ТАСС агенттиги: Кыргызстандын мурдагы президенти Атамбаедин операция убагында коопсуздук күчтөрүнө ок атканын мойнуна алганын билдирген.
КТРКнын сайты: С.Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, тиешелүү чечим кабыл алганын жазган.