Дүйнөлүк басма сөз 6.08.2019

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1248624
Дүйнөлүк басма сөз 6.08.2019

 

«Аль-Хаят» гезити: Анкара Вашингтонду, террордук уюм ПКК/ЙПГге болгон колдоосун токтотууга чакырганын билдирген.

«Альшарк Альавсат» гезити: Сауд Арабия ажылык сапарга аттанган 2.5 миллион кишини тосуп алууга даяр экенин жазган.

«Аль-Рая Аль-Катария»: Израилде Темир купол системасында иштеген 30 аскер рак илдетине чалдыкканын кабарлаган.

Focus сайты: «Иран кризиси-Ормуз кысыгында англиялыктар АКШны колоп жатат, Берлин Европа Биримдигинин миссиясына жылуу кароодо» деп жазган.

«Muenstersche-zeitung» гезити: Балдардын паркында тамеки тартууга тыюу салган Швеция мыкты үлгү экенин билдирген.

La Vanguardia: Трамп Венесуэланын АКШдагы каражаттары боюнча толук блокада коюп жатканын маалымдаган.

Le Figaro: Интерпол доосу: Пекин өкмөтү Париж менен кызматташтык кылбай туранын расмий эмес түрдө айтып коркутканын жазган.

Gazeta.ru сайты: НАТОнун баш катчысы, Крымдын Орусияга кошулуусу чоң мамлекеттердин ортосундагы атаандаштыктын күчөшүнөн болгонун айтканын маалымдаган.

«Известиция» гезити: Орусиянын коргоо министринин орун басары, Ачинсктеги бир аскердик бөлүктө болгон өрт жана жарылууга адамдар себепчи болушу мүмкүн экенин билдиргенин жазган.

Regnum агенттиги: «İMF, санкция жана мунай зат бааларындагы төмөндөөнүн Орусиянын экономикасына болгон таасирин өлчөдү. 2014-2018-жылдар аралыгында 1,2 пайыздык акырындоо байкалды» деп жазган.

 



Тектеш кабарлар