Дүйнөлүк басма сөз 5.08.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Deutsche Welle: Экономика министри Питер Альтмайер менен Европа Биримдиги АКШга баардык бажы салыктарынын жоюлушун сунуштагандарын, Трамптын болсо каалоосуз экенин жазган.
Tagesschau.de: Германиянын Федералдык парламентинин адам укуктары боюнча комиссиясынын Кытайга кирүүсүнө уруксат берилбей жатканын маалымдаган.
Eş-Şarku’l-Ewsat: Иран Халичте кармалган мунай танкеринин кайсы өлкөгө таандык экенин билдиргенин жазган.
Аль- Кудс Аль-Араби: Сауд Арабияда эки аэропортко жана бир аба базасына кол салуулар болгонун кабарлаган.
Lenta.ru сайты: Москванын губернатору Собянин, шаардын борборунда өткөрүлгөн уруксатсыз митингдерди уюштургандар, адамдарды массалык көтөрүлүштүн ичине тартууга аракет кылгандарын айтканын жазган.
Regnum агенттиги: Япония Куриль аралдарындагы аскердик машыгуунун себебинен Орусияга нота бергендигин билдирген.
Rbc.ru сайты: Украина парламентинин болочок төрагасы, Донбасска тынчтыктын мыйзамдуу жолдор менен ортотулаарын айтканын маалымдаган.
Infoba (Аргентина): БУУ: Мексика качкындардын өлкөдөн чыгарылышы темасында тарыхый рекорд койгонун жазган.
Ла Разон (Испания): Испанияда эмгек рыногу улгайып, акыркы 5 жылдын ичинде курагы 45 жаштан жогору адамдардын саны бир миллиондон ашканын билдирген.
Le Monde : Франция менен Германия, Москвадагы оппозициячылдардын митингине болгон мамилени айыптагандарын маалымдаган.
Le Figaro : АКШ: Эль-Пасо кол салгычы адам өлтүрүү боюнча айыпталып жатканын кабарлаган.
France 24 : Гонг-Конгдо хаос: Демократияны жактаган митингчилер жалпы иш таштоого барышканын жазган.
КТРК: Москвада өтүп жаткан аскердик мелдешке кыргызстандык танкисттер катышып жатканын билдирген.