Дүйнөлүк басма сөз 1.08.2019

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1246083
Дүйнөлүк басма сөз 1.08.2019

 

Alquds Alarabi: АКШ Манама семинары ийгиликсиз өткөндөн кийин «кылымдын келишимин» кайрадан сунуштап жатканын жана Палестина мамлекетинин ордуна автоном каалаганын жазган.

Alquds Alarabi: АКШ Аль-Каиданын лидери Усама бин Ладендин уулу Хамза бин Ладендин каза болушу мүмкүн экенин сөз кылганын билдирген.

Alsharq Alawsat: АКШ Ирандын тышкы иштер министрине санкция киргизгенин кабарлаган.  

Deutsche Welle: Президент Эрдоганга акаарат кылган ырын окуган германиялык куудул Ян Бёмерманндын тыюу салынган ырына байланыштуу арызын Германиянын Жогорку соту да четке какканын жазган.

Зюддойче цайтунг: Британдар Брексит үчүн бюджетти эки эсе көбөйткөндөрүн билдирген.

Интерфакс агенттиги: Трамп Путинге токой өрттөрүн өчүрүүгө жардам көрсөтүүнү сунуштаганын маалымдаган.

Haberrus сайты: «Орусиялыктардын 38 пайызы Путинди 2024-жылы кайрадан президент катары көргүсү келбейт» деген теманы койгон.

Эль Комерсио (Перу): Трамп Бразилияны "НАТОго мүчө болбогон стратегиялык аскердик шериктеш" деп жарыялаганын билдирген.

Infobae (Аргентина): Николас Мадуро менен Хуан Гуайдонун делегациялары Барбадосто диалогду кайрадан баштагандарын маалымдаган.

Le Figaro: Трамп Бразилияга аскердик шериктеш статусун бергенин жазган.

Le Monde: Вашингтон Ирандын тышкы иштер министрине санкцияларды киргизгенин кабарлаган.

КТРК: Өзбекстандын премьер-министри Кыргызстанга келгенин билдирген.

 



Тектеш кабарлар