Дүйнөлүк басма сөз 26.07.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
«Альшарк Алавсат» гезити: Тунис «акыркы куруучу» мүчөсү менен коштошуп жатып биримдүүлүккө чакырууда.
«Аль- Рая Аль- Катария»: Түркия С-400дүн биринчи этабынын аяктаганын билдирди.
Bild.de: Германиядагы катуу ысыктан улам профсоюздар жумушчулар үчүн эс алуу сурап жатышат.
Focus.de: Түркиянын жаңы Борбордук банкынын төрагасы пайыздарды төмөндөттү.
FAZ.de: Германияда ар бир эки пенсиянердин бири 900 евродон төмөн акча алат.
Le Soir (Бельгия): Бельгия коомчулуктун картайышына даяр эмес.
Le Figaro(Франция): Француздар унаа айдап бара жатканда телефон колдонгондорго карата жазалардын күчөтүлүшүн каалайт.
Le Monde (Франция): Президент Сибси көз жумгандан кийин Тунисте белгисиздик туруктуу.
El Nacional, Венесуэла: АКШнын Өкүлдөр палатасы, венесуэлалык качкындарга убактылуу коргоо статусун берген мыйзамды бекитти.
РИА Новости: Орусия, теннисчи Светлана Кузнецовага виза бербей кыйынчылык жараткан АКШдан спортчулардын арасында бөлүүчүлүктү токтотуусун талап кылды.
Российская газета: Украинанын коопсуздук күчтөрү кармап алган орус танкеринин кызматкерлери эркин кое берилди жана Орусияга кайтышты.
Lenta.ru: Австрия, изделгендердин тизмесине киргизилген орус чалгындоо кызматкери Игорь Зайцевдин кандай иштегендигине байланыштуу маалымат берди.
КТРК: Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон жолугушту.