Дүйнөлүк басма сөз 1.07.2019

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1227966
Дүйнөлүк басма сөз 1.07.2019

 

«Мюнстерше цайтунг» гезити: Германияда абанын температурасы +39,3 градуска жетип рекорд жаңылаганын жазган.

Deutsche Welle: Меркель ден-соолугуна байланыштуу «Мен жакшымын» деп билдиргенин кабарлаган.

«Welt» гезити: «Германияда он ооруканадан алтоосу каржылык жактан оор абалда-алдыдагы беш жылдын ичинде көпчүлүгү жабылып калышы мүмкүн» деген теманы койгон.

Эль Паис (Испания) гезити: Испания менен Германия Европа тартибин түзүү үчүн негизги милдеттерди аткаргандарын маалымдаган.

El Mundo (Испания): 21 жашка чейинки спортчулардын арасында футбол боюнча Европа чемпионатынын финалында Испания Германияны 2-1 эсебинде жеңип чемпион болгонун билдирген.

France 24 : Дональд Трамптын Түндүк Кореянын лидери менен жолукканын жазган.

Риа Новости агенттиги: НАТОнун аскердик учактары Одессага барганын маалымдаган.

«Известия» гезити: Украина эл өкүлү: «Зеленскийдин президент болуп шайланышы туура эмес эле» дегенин жазган.

ТАСС агенттиги: Эрдоган С-400дөрдүн 10 күндүн ичинде Орусиядан Түркияга тапшырыла турганын атканын билдирген.

«Аль Хаят» (Ливан) гезити: Египет делегациясынын Газага барганын кабарлаган.

Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: Түркия Ливияны эскерткенин жазган.

КТРКнын сайты: Зыяратчылар Ажы сапарына аттанууга даярданып жаткандарын билдирген.

 



Тектеш кабарлар