Дүйнөлүк басма сөз 19.06.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү кыскача маалыматтар.
Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: Президент Эрдогандын, Түркиянын жакында С-400 системаларын өткөрүп алаарын айтканын билдирген.
«Аль-Рая Аль-Катария» (Катар) гезити: Президент Эрдоган: «Мурсинин өзү өлгөнүнө ишенбейм» дегенин жазган.
«Handelsblatt» гезити: Түркиянын Борбордук банкы жаңы валюта саясатын күчүнө киргизгенин маалымдаган.
Deutsche Welle: Трамп миллиондогон качкынды жөнөтүүнү каалап жатканын жазган.
Эль Паис (Испания): «Венесуэлалыктар сириялыктарга салыштырмалуу дагы көп башпаанек сурап жатышат» деген теманы койгон.
La Vanguardia: Трамп Европага карай соода согушун ылдамдатып жатканын жазган.
«Известия» гезити: «АКШ бийлиги Түркияга каршы С-400 сатып алганы үчүн санкция киргизүүнү ойлоп жатканын кабарлаган.
ТАСС маалымат агенттиги: Орусиянын Коопсуздук кеңеши, Сирия жана Иракта террордук мамлекет курулуу коркунучу жоюлганын билдиргенин маалымдаган.
«Коммерсант» гезити: «Зеленский Европага өзүн көрсөттү. Зеленский Париж менен Берлинде Донбасс кризисин чечүү планын түшүндүрдү» деп жазган.
Le Soir (Бельгия): Дональд Трамп экинчи жолу президент болуу үчүн шайлоо үгүтүн расмий баштаганын маалымдаган.
КТРКнын сайты: Кыргызстандан чыгарылган тракторлор Өзбекстанга экспорттоло турганын билдирген.