Дүйнөлүк басма сөз 30.05.2019

Дүйнөлүк басма сөздөгү кыскача маалыматтар.

1211075
Дүйнөлүк басма сөз 30.05.2019

 

Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: АКШнын президенти Трамп, Япониянын жаңы императору менен жолугушкан биринчи чет өлкөлүк лидер болгонун билдирген.

El País (Испания): Мексикада бир жүргүнчү автобусу менен жүк ташуучу унаа кагышып кеминде 21 киши көз жуманын жазган.

«La Vanguardia» гезити: Мадуро оппозиция менен диалог процессинин «иштиктүү» жүрүп жатканын айтканын кабарлаган.

GAZETEM. RU сайты: АКШ, Орусия жана Израилдин улуттук коопсуздук кеңешчилери июнь айында Кудста үч тараптуу сүйлөшүү өткөрө тургандарын маалымдаган.

Türkrus: «Азия-Тынч океан аймагынын «супер күчтөрү» тизмеси түзүлдү, Орусия биринчи үч орунга илинген жок» деген теманы койгон.

Haberus сайты: Спутник Литванын редактору аэропортто камакка алынганын жазган.

Le Figaro (Франция): АКШ менен Орусия Сирияны өз жайына коюу үчүн бир план боюнча пикир алмашканын маалымдаган.

Le Temps (Швейцария) : Лион кол салуусунун шектүүсү, бомба жүктөлгөн пакетти даярдагандыгын мойнуна алганын жазган.

Le Soir (Бельгия) : «Кытай АКШны экономикалык терроризм менен күнөөлөп жатат» деген теманы койгон.

КТРКнын сайты: Туризмди өнүктүрүү максатында жаңы аба каттамдар ачыла турганын билдирген.

 



Тектеш кабарлар