Дүйнөлүк басма сөз 21.05.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү кыскача маалыматтар.
Deutsche Welle (DW): «Германияда баш калкалоочулар менен шайкеш келүү программасы үчүн рекорддук каражат сарпталды» деген теманы койгон.
Кубадагы «Prensa Latina» маалымат агенттиги: Мексика менен Түркиянын тышкы иштер министрлери эки өлкөнүн ортосундагы жакшы алакаларды тастыктагандарын жазган.
Испаниядагы санариптик «El Confidencial» гезити: Мадуро, оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Улуттук парламенттин жаңылануусу үчүн эрте шайлоо чакырыгын салганын билдирген.
«El Periódico» гезити: «Мексикадан баш калкалоочуларга байланыштуу аймактык өнүгүү чакырыгы» деген теманы койгон.
«Альшарк Алавсат» гезити: Ирандын АКШга кыр көрсөткөнүн жана Трамптын болсо: «Иран менен сүйлөшүүгө аракет кылбай элебиз» дегенин жазган.
«Аль Хаят» гезити: Иран байытылган уран өндүрүүсүн төрт эсе көбөйткөндүгүн маалымдаган.
Elcezire.net сайты: Хусийлер Сауд Арабиядагы аэропортту бомбалагандарын билдирген.
«Le Parisien» гезити: Трамп менен күйөө баласына караштуу банк эсептеринде шек туудурган иштер» деген теманы койгон.
Бельгиядагы «Le Soir» гезити: «Трамп менен Ирандын ортосунда суук согуш жарыяланды» деп кабарлаган.
РИА Новости агенттиги: Абхазияда оппозиция, негизги жолдордогу полиция өткөрмө бекеттерине бөгөт койгонун билдирген.
Lenta.ru сайты: Европа Зеленскийден Орусия менен сүйлөшүүлөрдү тез арада баштоосун талап кылганын маалымдаган.
КТРКнын сайты: Эми фитир-садаканы телефон аркылуу төлөсө болоорун жазган.