Дүйнөлүк басма сөз 20.05.2019

Дүйнөлүк басма сөздөгү кыскача маалыматтар.

1204391
Дүйнөлүк басма сөз 20.05.2019

 

«Аль-Хаят» гезити (Ливан): АКШнын президенти Трамп Иранды дагы бир жолу коркутканын жазган.

Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: Ооганстанда бир Иран банкы акча адалдоо себеби менен жабылганын кабарлаган.

«Аль Рая Аль Катария» гезити: Бириккен Араб Эмирликтери Йемендин түштүгүн бөлүү планын даярдап жатат» деген теманы койгон.

Welt: Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас учактагы маселенин айынан Болгариядагы жолугушууга кечигип барганын маалымдаган.

Deutsche Welle (DW): Түрк жарандары үчүн Шенген өлкөлөрүнө саякат кылуу татаалдашканын билдирген.

«Telesur» гезити (Венесуэла): Венесуэла менен Орусия OPEC жыйналышында кызматташтыгын күчтөндүрүүнү чечкенин жазган.

«Granma» гезити (Куба): Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, Кубанын президенти Мигель Диас-Канел менен Гаванада жолукканын маалымдаган.

ТАСС агенттиги: БУУнун Коопсуздук кеңеши, Украинада украин тилинин расмий тил катары колдонулушун камсыздаган мыйзамдын кабыл алынышын сүйлөшүү үчүн чукул жыйын өткөрө турганын билдирген.

«Известия» гезити: АКШнын президенти Дональд Трамп, Орусияга каршы катуу саясат жүргүзгөнүн айтканын жазган.

Rambler сайты: «Порошенко, Зеленскийдин бүгүн өтө турган ант берүү аземинен кийин камакка алынышы мүмкүн» деген теманы койгон.

«Le Monde» гезити: Швейцариялыктар Курал мыйзамынын күчөтүлүшүн бекиткенин маалымдаган.

КТРКнын сайты: Россияда кыргызстандык мигранттар үчүн жеңилдиктер көп экенин жазган.



Тектеш кабарлар