Дүйнөлүк басма сөз 15.05.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү кыскача маалыматтар.
«Аль-Хаят» гезити (Ливан): Президент Режеп Таййип Эрдоган, Идлибдеги түрк-орус макулдашуусунун бузууга аракет кылынганын айтканын жазган.
Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: Сирияда чыгым 350 миллиард доллар экенин жана элинин 93 пайызы жакыр жашаганын билдирген.
«Зюддойче Цайтунг» гезити (SZ): Германиянын тышкы иштер министри Хорст Зеехофер, азырынча сириялыктар үчүн башпаанек тартибин өзгөрткүсү келбегенин маалымдаган.
Deutsche Welle (DW): Немис ишканаларын изилдөө-өнүктүрүү каражаттары рекорд койгонун кабарлаган.
ZDF каналынын сайты: Германияда 2018-жылдагы улутчулдук аракеттер орто эсеп менен 400 пайыз өскөнүн билдирген.
«El Mundo» гезити: Полиция менен аскердик күчтөр Венесуэла парламентинин көзөмөлүн колго алгандарын жазган.
«La Vanguardia» гезити: АКШдагы Кытай инвестициялары 80 пайыз кыскарганын билдирген.
«Le Figaro» гезити: «Тереза Мэй июндун башында жаңы Брексит келишимин сунуштайт» деген теманы койгон.
«Haberrus» сайты: Помпео Сочиде Путин менен жолукканын маалымдаган.
«Türkrus» сайты: Орусия жарым триллион долларга карай: Борбордук резервдери рекордго карай баратканын жазган.
КТРКнын сайты: «Eurovision-2019»: биринчи жарым финалисттер аныкталганын кабарлаган.