Дүйнөлүк басма сөз 7.05.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
![Дүйнөлүк басма сөз 7.05.2019](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9a6b/a9ff/d8cf/5cc6bba3d1f97.jpg?time=1718510971)
Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: «АКШнын президенти газалыктарды эскертүүдө... жана үч өкүлү Нетаньяхуну кубаттап жатат» деп жазган.
«Эль-Эмарат Эль-Яум» гезити: «Трамптын Кытай товарларына киргизген салыктарын көбөйтөм деп коркуткандан кийин алтындын баасы жогорулап кеткенин билдирген.
«Аль-Рая Аль-Катария» гезити: Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабия жана Египеттин колдоосу менен Хафтер Триполини жок кылууда» деген теманы койгон.
Германиядагы «Welt.de» гезити: АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Германияга биринчи жолу сапар жасап жатканын кабарлаган.
«FAZ.Net» гезити: Трамп кааласа немис унаалары үчүн салыкты көбөйтө алаарын жазган.
Weser-Kurier.de сайты: «Эл аралык изилдөө: Германияда аялдар эркектерге салыштырмалуу дагы көп иштейт» деген теманы койгон.
Испаниядагы «El Mundo» гезити: Майк Помпео: «Николас Мадуро дагы деле Венесуэланын президенти, бирок өлкөнү башкара албай жатат» дегенин жазган.
«El País» гезити: Түркиянын Жогорку шайлоо кеңеши, Стамбул шаар башчылыгы үчүн кайрадан шайлоо өткөрүлүшүнө чечим чыгарганын билдирген.
«Courrier international» гезити: АКШ Кытайга өз сууларында кыр көрсөтүп жатканын маалымдаган.
Vesti.ru сайты: тышкы иштер министр Сергей Лавров, Помпео менен өткөргөн жолугушууда жылыш болгонун айтканын жазган.
«Известия» гезити: Украинада, Орусия менен болгон соода кызматташтыгы аяктаган учурда кандай жыйынтыктар болоорунун каралгандыгын билдирген.
КТРКнын сайты: БУУ Климаттын өзгөрүшүнөн 2018-жылы 62 млн адам жабыркаганын билдиргенин жазган.