Дүйнөлүк басма сөз 22.04.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү кыскача маалыматтар.
DW: Германиянын авиация гиганты Люфтганза жылдын биринчи чейрегинде акыркы үч жылдан бери биринчи жолу чыгымга учураганын жазган.
Sueddeutsche.de: Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маастын, Шри-Ланкадагы террордук кол салууну айыптаганын билдирген.
«Alquds Alarabi» гезити: Салык каражаттарынын тоңдурулушунун себебинен Париж менен Тель-Авивдин ортосунда чыңалуу жаралганын маалымдаган.
«Alsharq Alawsat» гезити: Шри-Ланкадагы террордук кол салуулар дүйнөнү шок кылганын жазган.
«Alsharq Alawsat»: Москва Тартус портун сурагандан кийин Дамасктын чечими арсар бойдон экенин билдирген.
«Le Soir» гезити (Бельгия): «Шри-Ланкада жарылуу: каза тапкандардын саны 290 кишиге жетти, 24 киши камакка алынды» деген теманы койгон.
«Le Temps» (Швейцария) гезити: Украинада президенттик шайлоону куудул Зелинский жеңгенин маалымдаган.
«La Vanguardia» (Испания): АКШнын жогорку өкүлү, миграция маселесин сүйлөшүү үчүн Гондураска барганын жазган.
«El Nacional» гезити (Венесуэла): Папа Франциск, паска сыйынуусунда Венесуэла үчүн дуба кылганын билдирген.
«Известия» гезити: «Зелинский 73,15 пайыздык добуш менен Украинадагы шайлоону жеңди» деген теманы койгон.
Риа Новости: Орусия АКШнын аба мейкиндигинде байкоо учуусун ишке ашыра турганын маалымдаган.
Тасс агенттиги: Орусия менен Япония Курил аралдарында эки тараптуу кызыкчылыктарга жараша иш жүргүзүүнүн жолдорун ищдеп жаткандарын жазган.
КТРКнын сайты: "Дарак ыры" тасмасы Россияда өткөн эл аралык фестивалда баш байгени жеңип алганын билдирген.