Дүйнөлүк басма сөз 19.04.2019

Дүйнөлүк басма сөздөгү кыскача маалыматтар.

1186510
Дүйнөлүк басма сөз 19.04.2019

 

Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: Түзүлгөн келишимдердин алкагында Сауд Арабияда алгачкы Ирак банкы ачылды.

«Аль-Ватан» (Кувейт): Египет Греция жана Кипр менен «MEDUSA 8» аскердик машыгуу өткөрүп жатат.

«Эль Хаят» (Ливан): Сауд Арабия 2020-жылдын ноябрында Чоң жыйырмалыктын саммитине кожоюндук кылат.

«El Mundo» (Испания): Венесуэла көчү, Испаниядагы турак жай соодасын эки эсе көбөйттү. 2018-жылы Венесуэла жарандары бул өлкөдө 278 үй сатып алышты.

«Telesur» (Венесуэла): Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова, Вашингтонду Венесуэлага карай күч колдонуу пландарынан баш тартууга чакырды.

«Le Monde»: Ливиянын ички иштер министри, Парижди маршал Хафтарды колдоп жатат деп күнөөлөөдө.

«Le Parisien»: Франция соту, менчик сектордо жоолук салынууга уруксат берди.

heute.at: (Германия) Португалиядагы автобус кырсыгында каза тапкан 29 кишинин баардыгы немис жараны экени аныкталды.

Deutsche Welle: Греция Германиядан согуш кунун талап кылып жатат.

ARD: Германияда кургакчылык болуп, токой өрттөрү коркунучу бар.

Риа Новости: Сербиянын тышкы иштер министри Ивица Дачич, Белграддын Москвага санкция киргизүүнү четке какканынын себебинен кыйынчылык тартып жатканын айтты.

Lenta.ru: Франция орус чек арасына танка жана жүздөгөн аскер жөнөтөт.

Тасс агенттиги: Порошенкого каршы Зелинский эмнени убада кылууда?

КТРК: Борбор калаа Бишкекте салттуу музыка жумалыгы өтөт.



Тектеш кабарлар